Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевден коронавирус аныкталды

© Фото / пресс-служба госадминистрации Араванского районаАким Араванского района Ошской области Курбанбек Айтибаев
Аким Араванского района Ошской области Курбанбек Айтибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аким азыркы тапта Араван райондук ооруканасында дарыланууда. Анын милдетин орун басары Топчубай Сатыбалдиев аткарып жатканы айтылды.

ОШ, 19-июн. – Sputnik. Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди.

Анын айтымында, 14-июндан 15-июнга караган түнү акимдин дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерге кайрылган.

"Айтибаевден ПЦР-тест 17-июнь күнү алынып, 18инде андан коронавирус аныкталган. Мындан улам аким райондук ооруканага жаткырылган. Учурда абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө", – деди Кадырбекова.

Маалымат катчы акимден вирус табылгандан кийин райондук администрацияда иштеген бардык кызматкерлерден ПЦР-тест алынганын кошумчалады. Жыйынтыгында эч кимден коронавирус табылган эмес. Ал администрация карантинге жабылбаганын, акимдин милдетин орун басары Топчубай Сатыбалдиев аткарып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0