Ысык-Көлдө балдар лагерлери качан иштей баштайт? Өкмөт өкүлүнүн жообу

Жазылуу
Ысык-Көлдө жалпысынан балдардын 19 лагери бар. Республикалык штаб балдар лагерин иштетүү боюнча чечим кабыл алуу укугун жергиликтүү бийликке өткөрүп берген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Көл аймагындагы балдар лагерлерин азырынча иштетпей коё турсакпы деп ойлонуп жатабыз. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын лагерлер 15-июндан тарта иштей баштачу. Облуста жалпысынан балдардын 19 лагери бар.

"Айдын башында Республикалык штабдан "качан иштете баштайлы?" деп сураганбыз. Саламаттык сактоо министрлиги менен ар бир аймактын жетекчилиги иштешип, 25-июндан тарта ача берсе болот деп чечкенбиз. Бирок Республикалык штаб балдар лагерин иштетүү боюнча чечим кабыл алуу укугун бизге өткөрүп берген. Азыр мектептер иштебей эле турат, бакчалар чекесинен ачыла баштады. Мунун баарын эске алып, азырынча балдар лагерлерин иштетпей эле коё турсакпы деп ойлоп жатабыз. Ошол эле учурда ар бир райондогу эпидемиологиялык кырдаал эске алынат", — деди Осмоналиев.

Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктургандардын саны 33кө жетип, 18 жаран айыгып чыккан. Азыркы тапта Каракол, Балыкчы шаарларындагы ооруканада 13 адам дарыланып жатса, экөө өз үйүндө изоляцияга алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0