Министрлик Кан борборун каржылоо маселеси качан чечилерин айтты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЦентр переливания крови ФМБА России
Центр переливания крови ФМБА России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифинг учурунда модератор "айрым ЖМКлар Кан борборун каржылоо токтоп калганын, жакын арада ал толук кандуу иштей албай каларын жазып чыкты" деп айткан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Республикалык кан борборун каржылоо маселеси жакын арада чечилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Брифинг учурунда модератор "айрым ЖМКлар Кан борборун каржылоо токтоп калганын, жакын арада ал толук кандуу иштей албай каларын жазып чыкты" деп айткан.

"Бул маселе бүгүн эле жарала калган жок. Жыл сайын көтөрүлөт, бирок чечилет. Ортодо каржылоодо мүчүлүштүк жаралып калат. Бирок бюджетте акча жоктугуна карабай Кан борбору керектүү кызмат. Менин оюмча, бул жылы деле кырдаалды жөнгө сала алабыз", — деди Үсөнбаев.

Ал Саламаттык сактоо министрлиги COVID менен күрөшүп жатканына карабай, башка тармактарды да көз жаздымда калтырбаганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0