Россия менен Казакстандын өкмөт башчылары Бороновду куттукташты

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПервое рабочее совещание премьер-министра Кубатбека Боронова
Первое рабочее совещание премьер-министра Кубатбека Боронова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу Казакстандын өкмөт башчысы Кубатбек Боронов менен телефон аркылуу сүйлөшсө, РФ премьеринин аппараты куттуктаган билдирүүсүн таратты.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россия жана Казакстандын өкмөт башчылары Михаил Мишустин менен Аскар Мамин Кубатбек Бороновду премьер-министр болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалашты.

Россия өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиришинче, Мишустин Бороновду өзүнүн жана командасынын атынан куттуктаган.

"Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырат. Соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат. Энергетика, өнөр жай, жогорку технологиялар жана башка тармактарда мыкты долбоорлор ишке ашууда. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылын өткөрүү эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенем", — деп айтылат маалыматта.

Россия өкмөтүнүн башчысы Бороновго чың ден соолук, бакубатчылык жана ишине ийгиликтерди каалаган.

Церемония передачи полномочий Главы Правительства - Sputnik Кыргызстан
Боронов кызматка отурду, Абылгазиевди өкмөт аппараты кол чаап узатты. Видео
Ал эми Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Боронов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүшүндө ийгиликтерди каалаган.

Алар Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактардагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулаган. Ошондой эле ЕАЭБ жана башка интеграциялык бирикмелер алкагында өз ара иштешүү маселелери каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0