Кыргызстандын жарандыгын 542 адам алса, дагы 332 адам андан баш тартты

Жазылуу
КРдин жарандыгын жаңы алгандардын 433ү чоң кишилер болсо, 109у балдар. Ал эми өлкө жарандыгынан үч жүздөн ашуун киши баш тарткан.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгын кабыл алуу жана андан чыгуу жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, КР жарандыгын 542 адам кабыл алган (433 чоң киши жана 109 бала).

Экинчи жарлыктын негизинде 332 киши өлкө жарандыгынан баш тарткан (267 чоң киши жана 65 бала).

Жаңылыктар түрмөгү
0