Вице-мэр: Бишкекте COVID-19дан улам медиктерге өз алдынча кайрылгандар көбөйдү

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда
Вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер калаа тургундарынын бири өздөрүнөн коронавирустун белгилерин байкап калса, Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номерине чалса болот.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавирус боюнча өз алдынча кайрылуу кызматы толук кандуу иштей баштагандан бери 207 жаран кайрылды. Бул туурасында вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Ага модератор Бишкек шаарында ооругандардын саны көбөйүп бара жаткандыгы жана мындан улам кайра чектөөлөр кириши мүмкүнбү деген суроо менен кайрылды.

"Чындап эле акыркы төрт күндө вирус жуктуруп алгандар көбөйдү. Муну биз өз алдынча кайрылуу кызматынын толук кандуу иштеп баштаганы менен байланыштыруудабыз. Азырынча ал жакка 207 кайрылуу болду. Булардын басымдуу бөлүгү ооругандар менен байланышта болгондор", — деди Кузнецова.

Жер-жемиш сатуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: дагы эки кичи базар дезинфекциялоо үчүн жабылат
Вице-мэр белгилеп кеткендей, буга чейин COVID-19 оорулар менен байланышта болгондордон жана сырттан келгендерден аныкталса, акыркы убактарда ишкердик тармактын кызматкерлери арасында табылууда.

Бүгүн Бишкек боюнча вирус жугузуп алгандардын саны 919га жетти.

Эгер калаа тургундарынын бири өздөрүнөн коронавирустун белгилерин байкап калса, Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номерине чалса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0