Базарда жер-жемиш сатчу экен. Жалал-Абадда COVID-19дан каза тапкан киши тууралуу

© Sputnik / Александр КряжевБазардагы жер-жемиш сатуучу. Архив
Базардагы жер-жемиш сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абадда 36 жаштагы киши коронавирустан көз жумду. Ал Бишкекте жүргөндө эле ооруп, өз алдынча дарыланып жүргөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып, кечээ Жалал-Абад облусунда каза болгон киши Бишкекте эле ооруп жүргөнүнө карабай, тажыяга кетип калган. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Жалал-Абадда 36 жаштагы киши коронавирустан көз жумду.

Үсөнбаевдин айтымында, анда Бишкекте жүргөндө эле оорунун симптомдору болгон.

"Ал антибиотик жана дененин ысыганын түшүрүүчү дарыларды алып, амбулатордук жол менен өз алдынча дарыланып  жүрүптүр. Кийин ошол абалы менен Жалал-Абадга кетип калган. Ал жактан өзүн начар сезип, 12-июнда облустагы оорукананын инфекциялык бөлүмүнө түшкөн. Реанимациялык аракеттерге карабай кечээ жүрөгү токтоп калды", — деди Үсөнбаев.

Маалыматка караганда, бейтап эки тараптуу пневмонияга кабылып, оорусу күчөп кеткен.

Анын Бишкектеги базарлардын биринде жер-жемиш сатып иштегени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0