Бишкек: батутка, велосипедди ижарага берүүгө жана жайма базарга тыюу салынды

© Фото / lindsayascottБатутка секирип жаткан кыз. Архив
Батутка секирип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия санитардык эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга айып пул салына тургандыгын эскертти. Көңүл ачуучу аймактардын иши белгисиз мөөнөткө чейин токтоду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкекте балдар ойногон батуттарга, ижарага велосипед берген жайлардын иштешине жана жайма базарларга тыюу салынды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Мындай чектөө иштери учурдагы эпидемиологиялык кооптуулуктан улам киргизилүүдө.

Коронавируска тест алып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19га чалдыккан кишинин оору табылгандагы анализи. Сүрөт
Бул жаатта иштеп жаткандар ишин коронавирус боюнча абал салыштырмалуу жакшырып калгандан кийин кайрадан улантса болот. Азыр Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык штаб оорунун жайылып кетпеши үчүн чектөө, сактануу чараларын күчөтүүнү айтып жатат.

Эгерде жогорудагы тартипти бузгандар болсо, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде 3000 сом айыпка жыгылат. Ал эми юридикалык талаптар 13 миң сом төлөөгө аргасыз болот.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2472ге жетип, анын 1847си айыкты. Тилекке каршы, 28 адам дал ушул вирустун кесепетинен көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0