Ош шаарынын төрөтканасындагы COVID. Вирус жалпы 70 адамдан табылган

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүШаардык төрөтканасындагы аял ымыркайы менен. Архив
Шаардык төрөтканасындагы аял ымыркайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаардагы төрөт үйүнөн коронавирус табылган соң ал жакта иштеген 283 медицина кызматкери, 563 бейтап болуп жалпы 846 кишиден эки жолу ПЦР-тест алынган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы төрөт үйүндө жалпы 70 адамдан коронавирус чыккан. Анын жетөө жаңы төрөлгөн ымыркайлар. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаардагы төрөт үйүнөн коронавирус табылган соң ал жакта иштеген 283 медик, 563 бейтап болуп жалпы 886 кишиден эки жолу ПЦР-тест алынган.

"846 кишинин ичинен 776сынын анализи таза чыгып, калган 70 кишиден коронавирус табылган. Анын 37си бейтап энелер болсо, жетөө ымыркай, 26сы медицина кызматкери экени маалым болду", — деди Турдуев.

Шаардын биринчи вице-мэри ооруканада дезинфекция иштери жүргөнүн айтып, төрөт үйү Республикалык штабдан тапшырма келгенден кийин бейтаптарды кабыл аларын кошумчалап өттү.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында жалпы 280 кишиден коронавирус табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0