05:41 25 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2324)
292 0 0

Дарылоого кеткен каражатты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төлөйт. Оору жуктуруп алгандар жана алар менен байланышта болгондор өз чөнтөгүнөн акы төлөбөшү керек.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Республикалык штаб коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн ооруканаларга канча акы төлөнөрү боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, илдеттин формасына жараша бир кишиге төмөндөгүдөй төлөм каралган:

  • илдеттин белгилери жок формасы — 3030,12 сом;
  • оорусу жеңил даражадагы бейтаптар үчүн – 3500,63 сом;
  • орто абалдагылар үчүн – 10 817,78 сом;
  • оор абалдагы бейтаптар үчүн — 70 427,31 сом;
  • өтө оор абалдагылар үчүн – 132 837,09 сом.

Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга 1742 сом төлөнөт.

Бул каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына төлөнөт.

"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте COVID-19 илдетине кабылгандарды дарылоо жана байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү үчүн акы төлөө өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Иштелип чыккан акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын илдетинин канчалык деңгээлде оор экендигин жана байланышта болгон адамдардын обсервацияда болгон күндөрүнүн узактыгын эске алуу менен эсептелди.

Эгерде мурда дарылоонун наркы ыкчам маалыматтарга жана ДССУнун сунуштарына ылайык эсептелген болсо, эми акы төлөөнүн өлчөмү лабораториялык ПЦР-изилдөөгө кеткен чыгымдарсыз эсептелип, ал эми жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар киргизилген жок.

COVID-19 диагнозу тастыкталган бардык оорулууларды дарылоо, ошондой эле байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү социалдык статусуна жана жарандыгына карабастан толугу менен акысыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2324)

Тема боюнча

Кыргызстанда бир суткада 34 киши коронавирустан сакайды
Күлүп сүйлөшкөнбүз... Чкалов мектебинин көз жумган директорунун кызы менен маек
Теңи Бишкекте! Бир суткада 100 кишиден коронавирус чыкты
Белгилер:
акы, дарыкана, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ