ИИМ: Сузакта башкы дарыгер COVID-19га делген акчаны медиктерге берип койгон

Жазылуу
COVID-19дун алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга деп бюджеттен бөлүнгөн 300 миң сом максатсыз колдонулганы айтылат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Сузак райондук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери менен башкы бухгалтери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин Төртүнчү башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы 47 жаштагы О.С. аттуу башкы дарыгер жана 46 жаштагы М.К. аттуу башкы бухгалтер COVID-19дун алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга деп бюджеттен бөлүнгөн 300 миң сомду максатсыз пайдаланган фактыны тапканы айтылат.

"Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, каражатты өз мекемесинин кызматкерлерине кошумча маяна катары таратып берген. Өкмөттүн "Резервдик фонддун каражаттарын колдонуу жол-жобосу" боюнча токтомуна ылайык, бул акчаны маяна катары колдонууга тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жалал-Абад облустук милициянын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0