Бишкекте жана Сузакта коронавирус аныкталган эки бейтап каза тапты

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүДарыгер маска кармап жатат. Архив
Дарыгер маска кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен коронавирус аныкталып көз жумгандардын саны 28ге жетти. Бүгүн дагы 100 кишиден вирус чыкты.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирустан дагы эки киши каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 85 жаштагы аял киши Улуттук фтизиатрия борборуна пневмония дарты менен оор абалда жаткырылган. Ал жактан лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндө коронавирус аныкталган. Ошондон кийин Кыргыз-түрк ооруканасына которулуп, дарыланып жаткан. Бирок кечээ медиктердин реанимациялык аракетине карабастан көз жумган.

Ал эми Жалал-Абаддын Сузак районундагы 53 жаштагы эркек киши кан рагы менен ооруп жүргөн. Дарыланып жүргөн убакта коронавирусту жуктуруп алган. Өзүнүн баштапкы дарты күчөп, ал дагы каза болуп калган.

Министрдин орун басары түшүндүргөндөй, экинчи бейтап негизги оорусунан, тагыраагы, рак илдетинен каза болду деп эсептелинет. Эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен коронавируска чалдыккандар инфекциядан жана өз оорусунан көз жумду деп бөлүнө баштай турганы кошумчаланды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталып көз жумгандардын саны 28 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0