Теңи Бишкекте! Бир суткада 100 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКоронавируска киши тест тапшырып жатат. Архив
Коронавируска киши тест тапшырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 57си Бишкек шаарынан. Мындан сырткары, Таластан дагы үч кишиден вирус табылган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 100 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы жуктургандардын 57си Бишкек шаарынан. 

"Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 57си Бишкек шаарынан, Чүйдө 11, Ош шаарында 11, Ош облусунда алты, Ысык-Көлдө эки, Жалал-Абад облусунда бир, Нарында тогуз, Таласта үч адамдан коронавирус табылды", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2472ге жетип, анын 1847си айыкты. Тилекке каршы, 28 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0