Кыргызстанда бир суткада 34 киши коронавирустан сакайды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДарыгер ооруканада бейтаптын абалын текшерип жатат. Архив
Дарыгер ооруканада бейтаптын абалын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыккандардын көбү Чүй облусунда экени айтылды. Бирок жаңы жуктуруп алгандардын саны мындан дээрлик 2,5 эсеге көп.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өлкө аймагында бир сутка ичинде 34 адам коронавирустан сакайып үйүнө чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаарында тогуз, Чүй облусунда 17, Ош шаарында үч, Жалал-Абад облусунда бир, Нарын облусунда бир киши оорудан айыкты.

Ушуну менен жалпы сакайгандардын саны 1847 болду. Бирок 16-июнь күнү дагы 100 кишиден коронавирус аныкталып, жалпы жуктургандардын саны 2472ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0