Сарымсак жеп туруу кайсы органдарга пайдалуу? Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү сатылган сарымсак. Архив
Дүкөндөгү сатылган сарымсак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер жүрөк менен ичегинин иштөөсүн жакшыртуу үчүн күнүнө 15 граммга чейин сарымсак жеп туруу жетиштүү деген пикирин айткан.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Сарымсакты аз да эмес, көп да эмес орточо көлөмдө маал-маалы менен жеп туруу жүрөк-кан тамыр системасына оң таасир этип, ашказан, ичегинин иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти бекемдейт. Бул тууралуу дарыгер-диетолог Светлана Фус билдиргенин РИА Новости билдирди.

Анын айтымында, сарымсак пайдалуу компоненттерге бай.

"Бышкан жана чийки сарымсак экөөнүн пайдасы эки башка. Сарымсак бышкан учурда пайдасы азайып калат. Бул жерде жашылчанын ысыкта канча турганы да маанилүү. Ысыкта көпкө чейин туруп калса, андагы пайдалуу заттын баары жоголот. Ошондуктан чийки сарымсак пайдалуу, анда аллицин заты бар", — деди диетолог.

Фастфуд сатуучу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фастфуддун баары зыян эмес. Диетолог аны туура тандоо менен жасоо тууралуу
Адис сарымсакты тамакка колдоноордун алдында аны кесип же сыгып коюу керектигин кошумчалаган.

Дарыгер жүрөк менен ичегинин иштөөсүн жакшыртуу үчүн күнүнө 15 граммга чейин сарымсак жеп туруу жетиштүү деген пикирин айткан. Ошондой эле бул жашылчаны тынымсыз эле жей бербеш керектигин да эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0