Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты

© Фото / из семейного архива КондучаловыхГосударственный и общественный деятель Кулуйпа Кондучалова
Государственный и общественный деятель Кулуйпа Кондучалова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү. Анын 100 жылдыгына карата атайын жумалык жарыяланып, өмүрүн мамлекеттик кызматка, маданиятка арнаган инсандын жасап кеткен эмгектерин, басып өткөн жолу эскерилүүдө.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дагы легендарлуу министр жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты
Москвага жол тарткан мугалим. Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы Фрунзе шаарынын четиндеги Кара-Жыгач айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Кондучал Ормон уулу тогуз балалуу болуп, анын үчөө гана эрезеге жеткен. Агасы Искендер Улуу Ата Мекендик согуш маалында Сталинградды коргоодо курман болуп, сиңдиси экөө гана калган. Кичинекей кыз сегиз жашында мектеп босогосун аттап, кийин борбор калаадагы педагогикалык училищеге тапшырып, аны 1938-жылы аяктаган. Андан соң Нарын облусундагы Куланак айылындагы орто мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштап, директордун орун басары, директор болгонго чейин жетишкен. 19 жаштагы агартуучунун эмгегин Михаил Калинин баалап, ага Москвада "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалын тапшырган.

Согуш жылдарындагы окуу. Болочоктогу белгилүү мамлекеттик ишмер 20 жашында Тянь-Шань облустук комсомол комитетинин катчысы болуп, 1943-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепке жөнөтүлгөн. Ал жакка Турдакун Усубалиев, Асылбек Алтымышбаев, Кудайберген Салиев төртөө барып, Күлүйпа Кондучалова ошол мектепте билим алган биринчи кыргыз кызы болгон. Окуу жылдары Улуу Ата Мекендик согушка туш келип, Улуу Жеңишти дагы Москвадан тоскон. 

© Фото / из семейного архива Кондучаловых19 жаштагы агартуучунун эмгегин Михаил Калинин баалап, ага Москвада "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалын тапшырган
Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты - Sputnik Кыргызстан
19 жаштагы агартуучунун эмгегин Михаил Калинин баалап, ага Москвада "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалын тапшырган

Бир учурда эки министрликти тескеген. Кыргыз ССРине келгенден кийин Фрунзе облустук компартияда бөлүм башчынын орун басары, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде Аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси, Жалал-Абад обкомунун катчысы болуп иштеп, мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын өткөн. 27 жашында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, эки жылдан кийин төраганын орун басары кызматын аркалап, 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болгон. Ошол эле маалда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин да аткарып, ал кызматты он жыл аркалаган. Ал эми 1958-жылы маданият министри болуп дайындалып, 60-жылдардын башында эки министрликти башкарган.

СССРдин эл артисти, коңур үнү менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Болот Миңжылкыев - Sputnik Кыргызстан
Өмүрүнүн акырында катуу кыйналып жүрдү... Болот Миңжылкыевди эскерүү
Кондучалова жана маданият. Исхак Раззаков 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун декадасынын өтөрүнө үч жума калганда Кондучалованы министр кылып дайындап, ага чоң жоопкерчилик жүктөгөн. Министр ага чейин беш жылдай маданият тармагын тейлеп иштешип келген. СССРдин борборунда өткөн ал декадага 1100дөй кыргызстандык катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөн. Мамлекеттик жана партиялык ишмер ал кызматты 22 жыл аркалап, тарыхта легендарлуу министр атка ээ болгон. Кондучалова театр, филармония, музей, студияларда иштеген кызматкерлерди чет өлкөгө окууга жиберип, айрым учурда аларга Москвадан атайын мугалимдерди чыкыртып кесипкөйлүгүн жогорулаткан. Анын учурунда борбор калаада бир катар монумент, эстеликтер тургузулган. Михаил Фрунзенин үй-музейи, кыргыз жана орус драма театры, Кубанычбек Баялинов атындагы китепкана, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи ишке кирген. Ош, Нарын жана Караколдо драма театрлары, аймактарда кинотеатрлар салынып, музейлер ачылган. Жергиликтүү адистерди даярдоо үчүн Искусство институту, музыкалык-хореографиялык окуу жайы, облустарда 97 музыкалык жана маданий-агартуу окуу жайлары, балдар музыкалык мектептери, 2,5 миң китепкана пайдаланууга берилген. 

© Фото / из семейного архива КондучаловыхИсхак Раззаков 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун декадасынын өтөрүнө үч жума калганда Кондучалованы министр кылып дайындап, ага чоң жоопкерчилик жүктөгөн
Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Исхак Раззаков 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун декадасынын өтөрүнө үч жума калганда Кондучалованы министр кылып дайындап, ага чоң жоопкерчилик жүктөгөн

Көрөгөч устат. Марклен Баялинов, Акун Токтосартов, Тенти Мураталиев, Амангелди Керимбаев өңдүү маданият тармагындагы мыкты жетекчилерди жаш кезинде эле байкап, кийин аларга жол көрсөтүп устат болгон. Андан сырткары, башка союздук республикаларда иштеп жүргөн артисттерди Кыргызстанга чакыртып жумушка алган. Министр катары спектакль, концерт, фестивалдардын репетициясына өзү катышып, ири маданий иш-чараларды сөзсүз текшерчү. Эң кызыгы, ал катардагы кызматкерлердин аты-жөнүнө чейин билип, адистердин жашоо-турмушуна кызыгып, алардын көйгөйлөрүн жогорку трибунадан айтып турчу.

Карьера жана үй-бүлө. Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. Финансист күйөөсү 1961-жылы кайтыш болуп калып, бала-бакырасын өз алдынча тарбиялаган. Ошол эле маалда СССР Жогорку Советине эки жолу, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жети жолу депутат болуп шайланып, бир топ жооптуу кызматтарды аркалаган. 

© Фото / из семейного архива КондучаловыхКондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн
Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Конокко барбаган министр. Кыргыз Республикасынын Баатыры жашоодо өтө жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, такыр таарынганды билбеген адамгерчиликтүү инсан болгонун замандаштары эскерет. Кондучалова ошондой эле аны министр катары мейманга бирөө чакырса, такыр барчу эмес экен. Ал өзүнүн маданият тармагында жакын катышкан адамдарына гана конок болгону айтылат. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын Баатыры жашоодо өтө жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, такыр таарынганды билбеген адамгерчиликтүү инсан болгонун замандаштары эскерет. Кондучалова 22 жыл маданият министри болуп иштеп, ошол жактан пенсияга чыккан
Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Баатыры жашоодо өтө жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, такыр таарынганды билбеген адамгерчиликтүү инсан болгонун замандаштары эскерет. Кондучалова 22 жыл маданият министри болуп иштеп, ошол жактан пенсияга чыккан

Маданиятка арналган өмүр. Кондучалова 22 жыл маданият министри болуп иштеп, ошол жактан пенсияга чыккан. Тармактан алыстай албай өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомун жетектеген. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө шакирттерине "маданиятты сактагыла" деп керээзин айткан. I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2013-жылы 7-сентябрда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0