БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жакынкы арада өкмөт милиция кызматкерлерине төлөнүүчү компенсациялар боюнча чечим кабыл алат. Бул туурасында маалымат жыйында финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.
Брифингде модератор медицина жана милиция кызматкерлеринин пандемия учурундагы айлыгын кармап калуу болбойбу деген суроо узаткан.
"Медиктер менен милиционерлердин айлыгы кармалбайт. Алар төлөнгөн. Ал эми коронавирус менен ооругандарды дарылоого катышып иштеген медицина кызматкерлерине март, апрель жана май айлары үчүн каражат бөлүнүп берилди", — деди Амандыков.
"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери боюнча учурда эсеп-чот такталып, жакынкы арада өкмөт бул акчаны төлөп берүү боюнча чечим кабыл алат. Акча берилет", — деп кошумчалады ал.
Буга чейин интернетте Бишкектеги милиционерлер өзгөчө абал учурунда берилүүчү акчалардын төлөнбөгөндүгүнө нааразы болушууда деген сөздөр айтылган. Төрт райондун участкалык милиционерлери ишке чыкпай коюу ниетинде деген маалымат тарап, бирок ШИИБ аны четке каккан.