Beeline компаниясынын башкы директору жана кызматкерлеринен COVID-19 табылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОфис компании "Билайн" в Москве
Офис компании Билайн в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда компания кызматкерлери дарыланууда, баарынын абалы жакшы, аларга оорунун жеңил түрү жукканы айтылат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Beeline соода маркасы менен таанымал "Скай Мобайл" компаниясынын башкы директору Евгений Кражан баш болгон бир нече кызматкери COVID-19 жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда алар дарыланууда, абалы жакшы, оорунун жеңил түрү жукканы айтылат.

“Компаниянын жетекчилиги мындай кырдаалга даяр турган, себеби канчалык чара колдонсоң да, тилекке каршы, кепилдик жок. Март айынан тарта коопсуздук чараларын көрүүгө киришкенбиз. Башкы директор жана кызматкерлер менен байланышта болгондордун баары анализ тапшырды”, — деди компаниянын PR директору Марина Ким.

Ошондой эле ал оорунун жайылышына бөгөт коюу үчүн компаниянын кызматкерлери сентябрга чейин аралыктан иштей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0