Жээнбеков бет кап тиккендерге ыраазычылык айтып, майрамы менен куттуктады

Жазылуу
Жээнбеков жеңил өнөр жай тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда, өлкөнүн жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы жүз миңдеген адам эмгектенген жеңил өнөр жайы — өлкөбүздүн экономикасындагы бараандуу орунду ээлөө менен гана чектелбестен, абдан чоң социалдык мааниге ээ экенин белгилеп өттү.

"Ички рыноктогу туруктуу позициясы менен катар, сырткы рыноктордогу атаандаштыкты ийгиликтүү ишке ашырып, экспорттук потенциалды жогорулатып келет. Сиздер өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуп жатасыздар. Жеңил өнөр жайынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ден соолук, ийгиликтерди каалайм!" — деп айтылган Жээнбековдун куттуктоосунда.

Ошондой эле ал карантин учурунда кыска мөөнөттө өндүрүштүн багытын өзгөртүп, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздаган ишканалардын жамаатына ыраазычылык билдирген.

Аны менен катар мамлекет тарабынан салыктык жана ар кандай экспорттук жеңилдиктерди көрсөтүү аркылуу жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө шарттар түзүлүп жатканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0