Айыккандардын арбыны Бишкектен. Коронавирусту дагы 69 киши жеңди

© AFP / ERNESTO BENAVIDESДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча жалпы 1791 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын дээрлик тең жарымы Бишкек шаарында дарылангандар экени айтылды.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирустан 69 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Алардын 36сы Бишкек шаарынын, төртөө Ош шаарынын, тогузу Чүй, экөө Ош, 15и Нарын жана үчөө Баткен облустарынын тургундары", — деп айтылат билдирүүдө.

Республика боюнча жалпы 1791 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0