Фастфуддун баары зыян эмес. Диетолог аны туура тандоо менен жасоо тууралуу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүФастфуд сатуучу жумуш учурунда. Архив
Фастфуд сатуучу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис үйдөн дагы, сырттан дагы бургер аларда анын куштун эти менен жасалганына көңүл бурууга чакырган. Ошондой эле жашылчалары көп болгону пайдалуу экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Диетолог Елена Соломатина ден соолукка зыян келбеш үчүн кандай фастфуд менен тамактануу керектигин жана аны үйдөн жасоонун жол-жобосун айтып берди. Дарыгердин кеңештерин "Известия" жазды.

Адистин айтымында, эгер адамдын бургерге табити тартса буудай нанды алып, анын үстүнө таза эттен жасалган котлет менен көбүрөөк чөп-чарды коюп жесе болот.

"Ошондой эле тооктун же үндүктүн төш этин туурап, көк чөп менен чогуу камырга ороп, томат соусу менен ар кандай татымалдарды кошууга болот. Эгерде курамында картошка дагы болсун десеңиз, аны духовкага кытырак кылып бышырсаңыз болот. Башкысы, азыктарга өсүмдүк майын ашыкча кошпоңуз, ал көпкө турганда кычкылдана баштайт", — деп кеңеш берген диетолог.

Эгер фастфудду сатып ала турган болсоңуз, чөп-чары көбүрөөгүн тандаңыз. Же болбосо ыңгайыңызга карап жаныңызга бадыраң же салаттын жалбырактарын салып алсаңыз болот.

Киши картошка фри менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайсы азыктар адамды тез карытат? Тизме
"Бургердин бир нанын алып салыңыз. Малдын эмес, куштун этинен даярдалганына көңүл буруңуз. Ошондой эле майонез эмес помидор соусун коштурганыңыз жакшы", — деген адис.

Мындан тышкары, Соломатина фастфудду көзөмөлдөнгөн жерден алууну кошумчалаган.

Буга чейин өспүрүм куракта фастфудду көп жеген адам тукумсуздукка кабылышы мүмкүндүгү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0