Экотехинспекциянын директору Жээнбековго коррупция менен күрөшүү жолун айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял директора ГИЭТБ Мырзабека Жыпаркулова
Президент Сооронбай Жээнбеков принял директора ГИЭТБ Мырзабека Жыпаркулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы инспекцияда коррупциялык көрүнүштөр орун алып, негиздүү сындар айтылып жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркуловду кабыл алып, мекемедеги санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында малмекет башчынын маалымат кызматы билдирди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов
Экотехинспекциянын директору Жээнбековго коррупция менен күрөшүү жолун айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов

Жыпаркуловдун айтымында, адам факторун жана ишкерлер менен текшерүүчүлөрдүн түздөн–түз байланышын жоюу максатында көзөмөлдөөнүн айрым түрлөрү санарип форматта аралыктан иштөөгө которулат. Бул үчүн инспекциянын бардык маалыматтар базасы автоматташтырылат жана "Түндүк" тутумуна кошулат.

"Ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында техникалык эреже бузууларды каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштелип чыккан. Бардык аракеттер онлайн-режимде жаздырылып, коомчулукка жеткиликтүү болот. Муну менен катар мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин реестри түзүлүп жатат", — деп айткан Жыпаркулов.

Ал эми президент инспекцияда коррупциялык көрүнүштөр орун алып, анын аркасында негиздүү сындар айтылып жатканын белгилеген. Ошондой эле ал ишкерлер менен конструктивдүү кызматташууну жолго коюу зарылдыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0