Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Нарын жергесинин кээ бир райондорунда 15-20 метрге дейре жетет.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. 13-июнь, ишемби күнү, Ысык-Көл менен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми бийик тоолуу аймактарында кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.

Мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө мөндүр бир нече ирет жаады. Видео
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө күн сууктап, өткүн өтүп, күн күркүрөп, кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Нарын жергесинин кээ бир райондорунда 15-20 метрге дейре жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас жергесинде +26…+31, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +28…+33, Ысык-Көлдө +17…+22 жана Нарында +16…+21 градус болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Абанын температурасы борбор калаада +28…+30 градуска чейин жетсе, Ошто күндүн табы +30…+32 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0