Негизсиз айып салынса чалгыла! Санэпидемстанция дарыгери телефон номерин берди

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Кубан Кундашев
Шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Кубан Кундашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Бишкекте ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме, ишканаларга бир топ санитардык талаптар коюлган. Эгер алар аткарылбаса, айып салынат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифинг учурунда мекеме кызматкерлери ишканага негизсиз айып салган болсо, жумуштагы телефонуна чалуусун айтып, эфирден байланыш номерин айтты.

Брифингде модератор дарыгерге "айыпка мыйзамсыз жыгылып жаткан ишкерлер кимге кайрылышы керек" деген суроо узаткан.

Башкы дарыгер мындай учурда ишкерлер 0 (312) 54-45-40 номерине чалып, аны менен байланыша аларын кошумчалады.

Киши кафеде куран окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ресторанга куран окутууга барган конокторго айып салындыбы? Жооп
Мындан сырткары, ал Санэпидемстанция кызматкерлери ишкана жана мекемелерге карантиндин талаптарын бузганы үчүн гана айып салып жатканын баса белгиледи.

Эске салсак, Бишкекте ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме, ишканаларга бир топ санитардык талаптар коюлган. Эгер алар аткарылбаса, айып салынат.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2166га жетип, андан 1668и айыкты. Тилекке каршы, оорудан 26 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0