Күлүп сүйлөшкөнбүз... Чкалов мектебинин көз жумган директорунун кызы менен маек

© REUTERS / Ricardo MoraesСитуация в Бразилии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Бразилии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апасы менен акыркы ирет сүйлөшкөнү Саадат Рустемованын дал бүгүнкүдөй эсинде. Айчүрөк Самакова жылмайып, туулган күнү менен куттуктаган үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирген.

Бир нече күн мурда Нарын шаарындагы №2 Валерий Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Айчүрөк Самакова каза болгону белгилүү болду. Коронавирус илдетине кабылган экен. Мугалим 2-июнда туулган күнүн белгилеп, 67 жашка толгон...

Sputnik Кыргызстан Айчүрөк Сыдыковнанын 20 жылдан бери Түркияда турган кызы — Саадат Рустемова менен байланышты. Ал апасынын баянын айтып берүүгө макул болду. 

© Фото / из личного архива Саадат РустемовойНарын шаарындагы №2 Валерий Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Айчүрөк Самакова 2-июнда туулган күнүн белгилеп, 67 жашка толгон...
Күлүп сүйлөшкөнбүз... Чкалов мектебинин көз жумган директорунун кызы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарындагы №2 Валерий Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Айчүрөк Самакова 2-июнда туулган күнүн белгилеп, 67 жашка толгон...

— Арты кайрылуу болсун! Апаңыз кандай киши эле?

— Апамдын мектепте – катаал, үйдө – жумшак, ар башка боло алганына дайым таң калар элем. Тартипти катуу кармачу, бирок балдарды өз же өзгө бөлбөй, баарын тегиз жакшы көрчү.

Аял гүл көтөрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
34 жыл иштеген. Чкалов мектебинин директору Самаковага жазылган некролог
Апам менин эсимде китеп кармаган киши катары калды. Адабиятка болгон кызыгуума да апам таасир эткен. Бул жашоомдо чоң роль ойноду. Бардык жактан саамалык издечү. Түркияга мага келгенинде жергиликтүү авиамузейге бардык. Бардык үлгүлөрдү сүрөткө тартып берүүнү өтүнөт. "Мунун баарын не кыласыз?" – деп сураганымда берген жообун унутпайм. "Биздики Чкалов атындагы мектеп, мындай музей бизде да болсун. Балдар тарыхты билип, экспонаттарды көрсүн", — деген эле.

Өзүн-өзү өнүктүрүп туруудан кетенчиктеген эмес. Бир долбоор үчүн англис тилин үйрөнүүгө бел байлаган, ошондо 50гө чыгып калган кези болчу. Ар бир иштин майын чыгарчу.

— Айчүрөк Сыдыковна жетектеген мектеп дайым күчтүү деп саналган...

— Апам ишке бүт дитин койчу. Мектептердин заманга ылайык өнүгүшүнө чоң көңүл бурган. Анткени азыр технологияларсыз жана чет тилдерди билбесең, алдыга жыла албайт эмессиңби. Мектепке грант утуп алууга тырышып, долбоорлорду тынбай жазчу...

Өтө мекенчил жан эле, бирок эч качан бул жөнүндө жар салган эмес. Унчукпай иштей берчү. Анын активдүү ишмердигин мектептегилер гана билчү. Ал түгүл ата-энелер мектептеги балдары чет өлкөгө барууга мүмкүнчүлүк алганын укканда айраң-таң калышар эле.

© Фото / из личного архива Саадат Рустемовой"Апамдын мектепте – катаал, үйдө – жумшак, ар башка боло алганына дайым таң калар элем. Тартипти катуу кармачу, бирок балдарды өз же өзгө бөлбөй, баарын тегиз жакшы көрчү", — деп эскерет кызы
Күлүп сүйлөшкөнбүз... Чкалов мектебинин көз жумган директорунун кызы менен маек - Sputnik Кыргызстан
"Апамдын мектепте – катаал, үйдө – жумшак, ар башка боло алганына дайым таң калар элем. Тартипти катуу кармачу, бирок балдарды өз же өзгө бөлбөй, баарын тегиз жакшы көрчү", — деп эскерет кызы

Апам өзүнүн ишин чексиз сүйгөн. Бир жолу катуу ооруп калды. Омурткасын кокустатып алып, баса албай жүрдү. Мектепке ушунчалык берилгенин мындан билиңиз, жумушка жетип алуу үчүн бир туугандарымды аны машинага чейин жеткирүүнү суранат. Алар аны машинага чейин, анан кабинетине чейин көтөрүп барышат. Кабинетке жеткенде "Креслого чейин алпарсаңар, отурайын, баса албай жатканымды эч ким билбей калат", – дептир. Ошол күнү бир нече маселени чечип, документтерге кол коюп, чогулуш да өткөрүптүр... Өзүм дагы билим берүү тармагында эмгектенем, бирок апамчалык жанын аябай иштеген педагогдорду аз көрдүм. 

Мугалимдер мектепте 30-40 жыл иштешет, арзыбаган айлыгына карабай кеткилери да жок. Жаш кадрлар да көпкө кармалышчу, себеби бул мектепти жакшы көрүп калышчу. Алар дал ошол мектепте көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн түшүнүшчү. Жыл сайын апам долбоор жазып, мугалимдерди билимин өркүндөтүүгө жөнөтчү. Анын күчү менен бардык чет тил мугалимдери сыртка чыгып келишти. Күчтүү кадрлар гана балдарга билим бере аларын так билчү. Үйгө конокко мугалимдер көп келчү, каалаган убакта апам менен сүйлөшө алышчу. Жетекчи гана эмес, дос, жардамчы да эле...

Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Атам ушундай кезде иштен кетүүдөн уялды. Каза болгон медиктин уулу менен маек
Шаардагы мектептердин ичинен биринчилерден болуп Чкалов мектеби гимназия макамын алган, бир топ билим берүү мекемелерине караганда технологиялык жактан мыкты жабдылган. Окуучулар жаңы чыккан китептер менен билим алышат. Бүтүрүүчүлөр англис тилин мыкты өздөштүрүп чыгат. Буга Нарынга ыктыярчылар себеп эле. Бул багытта апамдын долбоорлору толтура болчу. Апам чет жактагы окуу жайлар менен кызуу кызматташкан биринчи жетекчилерден. Ошондуктан Англиядан мугалимдер келип, жайгашкан үй-бүлөлөргө ушунчалык ынак болуп, Кыргызстандан кетерде ыйлап узаша турган. Кийин апам Чкалов мектебинин окуучулары үчүн тумандуу Альбионго сапар уюштуруп берген.

Башка бир долбоорду Санкт-Петербургдагы мектеп менен биргеликте ишке ашырган. Бул калаадан келген меймандарды жогорку деңгээлде тосуп, биздин улуттук маданиятты жакшы тааныткан. Коноктор Нарынды, жалпы Кыргызстанды жактырып кетишкен. Жумушка көп убакыт бөлөрүн айтып, мага келгенде көбүрөөк жүрүп кетишин суранчумун. Бир жыл иштеп, бардык долбоорлорун бүтүрүп коюп, пенсияга чыгарын убада кылат. Кайра эле иштен баш көтөрө албай, жылда ушул айтканы кайталанчу. Апам баштаган ишин таштап кое алчу эмес... 

© Фото / из личного архива Саадат Рустемовой"Өзүңүздү, атамды жакшы караңыз" деп кайра-кайра кайталасам, "Эки саатка жумушка барып келе калайын, кол коюп эле үйгө келем. Азыр обочолонуудамын, камсанаба", – деп койгон
Күлүп сүйлөшкөнбүз... Чкалов мектебинин көз жумган директорунун кызы менен маек - Sputnik Кыргызстан
"Өзүңүздү, атамды жакшы караңыз" деп кайра-кайра кайталасам, "Эки саатка жумушка барып келе калайын, кол коюп эле үйгө келем. Азыр обочолонуудамын, камсанаба", – деп койгон

— Айчүрөк Сыдыковна менен акыркы ирет эмне жөнүндө сүйлөшкөн элеңиз?

— Туулган күнүндө, 2-июнда, сүйлөшкөнбүз. Анын алдында балдар менен куттуктоо видеосун монтаждап, эртең менен WhatsApp ачканда дароо неберелеринин куттуктоосун көрсүн деп түндө жөнөткөнбүз. Ошондо аябай сүйүнгөн! Элжиреткен күтүүсүз белек үчүн ырахматын айткан.

Сүйлөштүк, күлдүк... Сөз арасында тамагы кычышып жатканын айткан, бирок жакшынакай эле көрүнүп, жылмайып эле турган. Буга көңүл деле бурбадым, анткени мугалимдерде бул көп болот. Апамдын тамагы кээде ооруп калчу.

"Өзүңүздү, атамды жакшы караңыз" деп кайра-кайра кайталасам, "Эки саатка жумушка барып келе калайын, кол коюп эле үйгө келем. Азыр обочолонуудамын, камсанаба", – деп койгон.

— Баары көз-ачып жумганча эле болуптур...

Жузумкан Кокумбаева уулусу Максат Султакеев менен - Sputnik Кыргызстан
Жаназасына араң жетиштим! Коронавирус жугуп каза болгон медиктин уулу менен маек
— Төрт ай мурун эле апам биздикине келген. Түркияда операция жасатып, мойнундагы липомасын алдырган. Ага чейин улам башы көп ооруп, кан басымынан кыйналчу. Операциядан кийин жакшы болуп калган. Апам медициналык окуу жайды бүтүргөн, ошондуктан бир аз ооругандыктан, бул илдеттин белгилерин окуп көрөт. Анан атама: "Кой, мен эч кимге жуктурбаш үчүн барып текшерилип көрөйүнчү", – дептир.

Ооруканага чейин жөө барып, ошол жактан аны коронавирус деген шек менен тест тапшыртып, жаткырышканын телефондон кабарлайт. Эгер тесттин жыйынтыгы жакшы чыкса, үйгө келерин айтыптыр. Эртеси кайра атама телефон чалат. Көрсө, тесттин жыйынтыгында илдет аныкталыптыр, бирок ден соолугу боюнча деле даттанбаптыр. Таңда сиңдим сүйлөшкөндө үнү бир аз начарлап калганын байкаптыр. "Мага асма укол коюшту, уктайм. Телефон чалсаң, жооп бере албай калышым мүмкүн. Түштөн кийин сүйлөшөбүз", – дейт. Белгиленген убакта телефон чалбайт, сиңдим сарсанаа болуп, өзү чалып кирет. Бирок сүйлөшө албай калат... 

© Фото / из личного архива Саадат Рустемовой"Апам балдардын чет тилдерин мектеп партасында эмес, дүйнөнү кыдырып, ар кыл өлкөдө үйрөнүүсүн кыялданчу. Менимче, ошол оюн ишке ашырган соң, пенсияга чыкмак"
Күлүп сүйлөшкөнбүз... Чкалов мектебинин көз жумган директорунун кызы менен маек - Sputnik Кыргызстан
"Апам балдардын чет тилдерин мектеп партасында эмес, дүйнөнү кыдырып, ар кыл өлкөдө үйрөнүүсүн кыялданчу. Менимче, ошол оюн ишке ашырган соң, пенсияга чыкмак"

— Суук кабарды кимден уктуңуз?

— Апамдын кайтыш болгону тууралуу маалымат интернетке дароо эле чыкты. Атам ошондон чочулап, мени окуп албасын деп жээним аркылуу менин жолдошума кабарлайт. Мага акырын угузууну өтүнөт.

— Айчүрөк Сыдыковнанын пландарынан айтып өтүңүз.

— Апам балдардын чет тилдерин мектеп партасында эмес, дүйнөнү кыдырып, ар кыл өлкөдө үйрөнүүсүн кыялданчу. Чет тил мугалимдери үчүн уюштурган, ал эми окуучулар да сыртка активдүү чыга баштасын деп ушул боюнча долбоор даярдап жаткан кези болчу.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Аалиев: коронавируска шектелгендер январда эле ооруканага түшө баштаган
Менимче, ошол оюн ишке ашырган соң, пенсияга чыкмак. "Иш бүтпөй турса, кантип уктайм? Баарын ушундай калтырып коё албайм да" дегендери азыр да кулагымда.

Демилгеге бай болчу! Ушундай инсандын кызы экениме сыймыктанам. Апамдын баяны жетекчилердин жаш муунун шыктандырарына ишенем. Азыр Кыргызстанга барууга качан мүмкүнчүлүк болорун, атамдын жанында караан болуп келейин деп күтүп жатам...

Жаңылыктар түрмөгү
0