03:13 27 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6364
  • EUR95.2961
  • RUB1.0548
Коом
Кыскача шилтеме алуу
418 0 0

Облус башчысынын орун басары аймактагы эс алуу жайларынын баары атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде гана ачылып жатканын айтып, койгон талаптарды аткарбагандар иштебей турганын эскертти.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталгандыктан, облуска түйшүктүү учур келди. Бирок эс алуучулардын кооптонуусуна негиз жок. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова билдирди.

Ал аймактагы эс алуу жайларынын баары атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде гана ачылып жатканын айтып, койгон талаптарды аткарбагандар кардар кабыл албай турганын эскертти.

"Санитардык эрежелерди аткарган конок үйлөрү, пансионат, санаторийлер ачылып, иштейт. Балыкчы шаарынын кире беришиндеги "Ак-Кеме" постунан өткөн жарандардын саны көбөйө баштады. Туристтик сезон облуста жандангандыктан, Ысык-Көлгө түйшүктүү мезгил келди. Бирок эс алуучулар эч нерседен кооптонбой келсе болот. Себеби алгоритмде көрсөтүлгөн талаптардын баары аткарылып, эс алуу жайларына тапшырмалар берилүүдө. Көзөмөл катуу болот. Ошол эле учурда эс алуучуларды да Саламаттык сактоо министрлиги айтып жаткан эрежелерди сактоого чакырып кетет элек", — деди Усенова.

Ысык-Көлдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 25ке жетти. Ал эми өлкөдө илдетти 2129 адам илештирип алса, анын ичинен 1630у айыгып чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 26 адам көз жумду.

Тема боюнча

Карантин убагында Ысык-Көлдө эс алууга канча кетет? Карта жана баалар
Ысык-Көл облусуна кирүү эрежеси өзгөрдү
Ысык-Көл башчысы: талапты аткарбаган субъектилер жоопко тартылат
Белгилер:
кайрылуу, эскертүү, эреже, коронавирус, эс алуу, туристтик сезон, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ