Фуралар кезеги азаят дешти. Кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир бекет кайра иштеди

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСитуация на контрольно-пропускном пункте "Ак-Тилек — Автодорожный"
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек — Автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жерден айдоочулар COVID-19 боюнча экспресс-тесттен өтүшү керек. Эгерде оору чыкпаса, тиешелүү тастыктамасын берип, айдоочу Казакстан аймагына кире алат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайы кайрадан ишке киришкенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Аталган жай Чүй облусундагы Панфилов районунун аймагында орун алган.

"Чалдыбар" бекети кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайындагы жүк ташуучу автоунаалардын топтолуп кетишин азайтуу максатында иштеп жатат. Ал жерден фуралар гана өтө алат", —  деп айтылган маалыматта.

Ал жерден айдоочулар COVID-19 боюнча экспресс-тесттен өтүшү керек. Эгерде оору чыкпаса, тиешелүү тастыктамасын берип, айдоочу Казакстан аймагына кире алат.

Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында көзөмөлдөн өткөрүүчү үч бекет иштеп жатат.

Алар:

  • "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы (Чүй облусунда);
  • "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайы (Чүй облусунда);
  • "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайы (Талас облусу)
  • "Ак-Тилек" менен "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардан сырткары жүргүнчүлөр да өтө алат.

Ал эми темир жол аркылуу жүк "Кайыңды" бекети аркылуу өтөт.

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айдарбеков чек ара көйгөйү боюнча казак тарапка кандай талап коюлганын айтты
Буга чейин "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында Казакстан тарапка фуралардын кире албай, бир нече күндөп токтоп калышы боюнча кыргыз-казак тараптан бир нече пикирлер айтылган. Sputnik Кыргызстан бул боюнча видеорепортаж жасаган.

Биринчилерден болуп вице-премьер Эркин Асрандиев чек арага барып, абалды көргөндөн кийин үн каткан. Ага Казакстан жообун берип, бирок буга Кыргызстан таң калгандыгын билдирген. Ал эми жакында эле эки мамлекеттик ТИМ жетекчилери сүйлөшүп, маселе ЕАЭБ алкагындагы эрежелердин негизинде иштеш керек деген маселени сүйлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0