Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш

Жазылуу
Айдоочу экинчи катардан кайсы учурда дароо оңго же солго бурулуп кетсе болот? Автоунаанын кайсы түрүнө, кандай учурда экинчи катардан кайрылууга уруксат берилет? Ушул жана башка жол эрежелери боюнча суроолорго жоопту Sputnik агенттигинен таба аласыздар.

Айдоочулардын жолдо жанын кашайткан учурлардын бири — эч нерсеге карабай экинчи катардан кайрылып кеткендер. Айрымдары муну эрежени эске албай атайын эле кылса, кээ бири жол эрежесин чындап эле билбейт. Экинчи катардан кайсы учурда, автоунаанын кайсы түрлөрү бурулса болорун инспекторлордон сурап билдик.

Эреже боюнча экинчи катардан кантип кайрылыш керек?

Жолдогу кесилиште оңго же солго бурулардан мурда айдоочу алдын ала четки катардан орун алып калышы керек. Жолдун так кесилишине келгенде четке чыкпай, ага чейин жол чийинди карап ошого багыт алганы дурус. Анткени кесилишке келгенде башка унаалар четке оңой менен кое бербейт.

Түнкүсүн жолдогу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже
Ал эми айлампаларга келгенде, эгер автоунаа түз кете турган болсо, анда экинчи катардан кайрыла берсе болот. Эгер оң же сол жакка бурула турган болуп калса, анда жолдун четине чыгып алышы зарыл.

Башкача айтканда, жолдун кесилишине жетейин деп калганда айдоочу жол белгисин же жолдогу чийинди карашы керек. Кыймыл көп трассалардын айрым жерлеринде жол белгилери автоунааларга экинчи сызыктан кайрылып кетүүгө уруксат берет. Эгер белги жок болсо, айдоочу бурула турчу тарапты ыктап, четке чыгып алуусу кажет.

Экинчи катардан кайсы учурда кайрылса болот?

Жогоруда айткандай, чоң шаарларда, кыймыл көп трассаларда жол белгилери жана жол чийиндери экинчи сызыктан кайрылууга уруксат берет. Анын баары белги, жол чырак аркылуу көрсөтүлүп турат. Алсак, сиз Чүй проспекти менен батыштан чыгышты көздөй бара жатасыз. Чүй менен Фучик проспектилеринин кесилишине келгенде, солго экинчи катардан бурула берсе болот. Башкача айтканда, бул жерден түз дагы, бурулуп да кете аласыз. Себеби жол белгисинде ошондой деп көрсөтүлгөн.

Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Патрулдук милициянын ишиндеги кемчилик менен артыкчылыктар айтылды
Транспорт каражаттары, көбүнчө комбайн, оор жүк ташуучу унаалар, трактор биринчи катардан габарит же башка бир себептери үчүн бурула албай турган болсо, аларга башка айдоочуларга тоскоолдук кылбай, жол коопсуздугун сактап экинчи катардан бурулууга айрым учурда уруксат берилери жол эрежесинде жазылган. Бул учурда айдоочу эки жагын карап, башкаларга тоскоолдук жаратпашы керек.

Экинчи катардан бурулуп кеткендерди кандай айып пул күтөт?

Жол белгилерин жана жол чийинде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган айдоочуларга 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Эгер эреже бузуудан бирөө-жарым жапа чегип калса же кырсык болуп кетсе, айып пулдун наркы эки эсеге көбөйөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0