Июнь окуясына 10 жыл болду. Жээнбековдун элге кайрылуусу

Жазылуу
Мамлекет башчы Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюп, набыт болгондорго арнап куран окуган. Президент каргашалуу окуяда жакындарын жоготкондор менен сүйлөшүп, аларга көңүл айтып, ал күн элдин эсинен кете электигин баса белгилеген.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна барып 2010-жылы Июнь окуясында каза болгондорду эскерип, кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мамлекет башчы Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюп, каза болгондорго арнап куран окуду. Президент каргашалуу окуяда жакындарын жоготкондор менен сүйлөшүп, аларга көңүл айтып, ал күн элдин эсинен кете электигин баса белгилеген.

"Чыр-чатакты чогуу токтотуп, тартипти калыбына келтирип, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманын, силердин кайгы-муңуңарды сезип, жүрөгүм менен кабыл алам", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы улуттар арасындагы ынтымакты бекем сактоо маанилүү экенин эскертип, кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган.

Апрель окуясы. Бишкектин тарыхындагы кандуу күн - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тарыхындагы кандуу күн. Апрель окуяларын баяндаган видео
"Бул кайгылуу окуя коомдогу ынтымак баарынан бийик дөөлөт экенин дагы бир ирет көрсөттү. Өлкөдө улуттук саясатты ишке ашыруу абдан кылдаттыкты талап кыларын көрдүк. Өткөндөн сабак алып, биримдикти чыңдоо менен бир эл, бир журт катары өлкөбүздү өнүктүрөбүз. Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет, биздин мамлекетте жүздөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Көп түрдүүлүк — биздин байлыгыбыз. Ар бир улут өзүнүн маданияты, тили, каада-салты менен мекенибиз Кыргызстанды көрктөндүрүп турат. Андыктан улуттар аралык ынтымакты сактап, аны көздүн карегиндей карайлы", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жээнбеков эл ичинде ынтымак, мекенде тынчтык болуусун да каалап өткөн.

2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абал облустарынын аймактарында "Июнь окуясы" деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Аталган аймакта, анын ичинде Ош шаарында болгон окуя адам өлүмү менен коштолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0