Ысык-Көл облусуна кирүү эрежеси өзгөрдү

© Sputnik / Михаил ДудинБалыкчы шаары. Архивдик сүрөт
Балыкчы шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ысык-Көл облусуна паспорт менен гана киргизип, барган адамдардын баары каттоого алынып турган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна кирүү эрежеси өзгөртүлгөнүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган аймактын кире беришинен жарандардын паспортун сурап каттоого алып, дене табын өлчөп турушкан.

Ал эми 1-июндан тарта пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн ишине уруксат берилгенине байланыштуу, мындан ары санитардык-карантиндик посттон кооптуу райондон же чет өлкөдөн келгендер гана каттоого алынары айтылат. Бирок баарынын дене табы өлчөнөт.

"Эс алууга келген жарандар пансионат, мейманкана, боз үйлөр шаарчасы жана башка өзү жайгашкан жерге каттоого турушу керек. Бул эреже Ысык-Көл облусунун тургундарына да тиешелүү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Шейшембиге карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 055ке жетти. Буга чейин жалпысынан 1483 киши ооруканадан чыгарылды. 24 бейтап вирусту жеңе албай көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0