Жашылдын баарын жалмайт. Кыргызстан чегиртке каптоо коркунучунда турат

© AP Photo / Ben CurtisНашествие пустынной саранчи в странах восточной Африки
Нашествие пустынной саранчи в странах восточной Африки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, зыянкеч адам баласынын башына оор күн түшүп турган кездерде (согуш, эпидемия, кризис) күчтөнөт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Чегирткенин капташы бир гана айыл чарбага эмес, экономикага, социалдык турмушка жана тамак-аш коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин сайтында жазылган.

Алдын ала божомолдоолорго караганда, ушул жылы Кыргызстанда 120 миң гектар жерди чегиртке капташы күтүлүп жатат.

Министрликтин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакуновдун айтымында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун көпчүлүк райондору илгертен бери эле чегиртке "басып алып" жүргөн аймактар болуп эсептелет.

"Бүгүнкү күндө Баткен, Ош облусунда жана Жалал-Абаддын Аксы районунда 19 817 гектар жерде чегирткенин личинкалары табылды. Чегиртке өтө кооптуу жандык, аны менен айрым учурда бир нече жыл катары менен күрөшүүгө туура келет. Бул парадокс, бирок анализдеп көрсөк, аталган мите адам баласынын башына оор күн түшүп турган кездерде (согуш, эпидемия, кризис) күчтөнөт экен", — деди Алакунов.

Ореховые леса Арсланбопа  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жаңгак токойлоруна дрон менен дары чачылууда
Анын айтымында, чегирткенин коргонуу инстинкти абдан өрчүгөн. Мисалы, личинкасын адам басып-турган айдоо жерлерине эмес, көздөн оолак ташташат.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, коңшу өлкөлөрдү (Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан) жана региондорду (Түндүк Африка, Жакынкы чыгыш, Араб жарым аралы, Индия, Пакистан, Иран) каптап кеткен чегиртке бизге деле келиши толук ыктымал.

"Азыр коңшу өлкөлөрдө тарап жаткан чегиртке көчүп жүрүүчү түрүнө кирет. Ошол себептүү биздин өлкөгө келип калуу коркунучу бар. Булар жашыл нерсенин баарын жейт. Бир өтүп кеткен жеринде эч нерсе калбайт", — деди адис.

Подготовка техники коммунальных служб Москвы к летнему сезону - Sputnik Кыргызстан
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги
Учурда ведомствонун кызматкерлери чегиртке личинка таштаган аймактарды таап, аларды жок кылуу боюнча иштерди аткарып жатат.

Адистердин айтымында, апрель-май айларындагы аба ырайынын шарты алар үчүн жагымсыз болуп, личинкалардын өлүп калышына алып келди. Бирок күндүн ысышы менен зыянкечтер Жалал-Абад, Баткен, Ош, Чүй, Талас жана Нарын облустарында көбөйүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0