Мамлекеттик мүлк фонду жаңыланган сайтын көрсөттү. Кызыктуу эмне бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштеп жаткан аял. Архив
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Портал фонддун ишмердүүлүгүн ачык-айкын көрсөтүү жана санариптештирүү иштеринин алкагында түзүлгөн. Сайттан каалаган жаран мамлекеттик ишканалар тууралуу маалымат алса болот. 

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчиси Жылдызбек Исакулов ведомствонун жаңыланган сайтын көрсөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, портал фонддун ишмердүүлүгүн ачык-айкын көрсөтүү жана санариптештирүү иштеринин алкагында түзүлгөн. Сайттан каалаган жаран мамлекеттик ишканалар тууралуу маалымат ала алат.

Анда беш маанилүү бөлүк камтылган:

Мамлекеттик менчикти башкаруу. Бул бөлүмдө улутташтырылган (47) жана конфискацияланган (125) мүлктөр тууралуу маалыматтар бар.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов - Sputnik Кыргызстан
Исакулов: Маммүлк фонду реформа жүргүзүп, ведомство ишин экиге бөлдү
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү. Реестрде 11 миң 165 мүлк бар. Бул бөлүмдө тигил же бул имарат качан иражага берилгени жана алардын акысы тууралуу билсе болот. Кайсы бир объектинин ижара мөөнөтү бүткөн соң, каалаган жаран кийинки мөөнөттүн аукционуна катыша алат.

Электрондук сатуулар аянты. Мында онлайн-соода жүргүзүлөт. Мамлекеттин балансындагы бардык мүлк тууралуу маалымат алып, аукцион уюштурулган учурда ага катышууга болот.

Мамлекеттик компания жана акционердик коомдор тууралуу маалыматтар. Бул жерде ишкананын өнүгүү динамикасы тууралуу, тагыраагы, киреше, чыгаша, жетекчилик тууралуу маалымат бар. Ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнө баа бере аласыз.

Мамлекеттик мүлктүн эсеби. Мамлекеттик ишкана жана акционердик коомдордун мүлктөрүн инвентарлоо аяктаганы маалымдалды. Бардык имарат, жер,  транспорт, интеллектуалдык менчиктер тууралуу маалыматтар камтылган. Мисалы, кайсы мамлекеттик органдын балансында канча автоунаа бар экенин билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0