06:06 25 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544
Коом
Кыскача шилтеме алуу
61 0 0

Мамлекеттик мүлк боюнча фонд башка ишмердүүлүк менен алек болот, ал эми аукцион борборунун иши такыр башка өңүттө жүрөт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов аталган ведомстводо реформа жүргүзүлгөндүгүн брифингде айтты.

Анын маалыматына караганда, ишкана экиге бөлүндү. Фонд акционердик уюмдар менен мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү боюнча иш алып барса, аукцион борбору мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү жаатында иштейт.

Исакулов онлайн-аукцион өткөрүүнүн артыкчылыгын, мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке түшкөн каражат арбыгандыгын айтты.

Фонд жетекчиси мисал келтирди. Дарыкананы ижарага берүү айына 3 200 сом турса, аукцион аркылуу иштегенде сумма 19 эсеге көтөрүлүп, 63 миң сом болгондугун айтты.

Тема боюнча

Мамлекеттик компаниялар COVID менен күрөшүүгө канча каражат бөлгөнү айтылды
Белгилер:
Жылдызбек Исакулов, ижара, дарыкана, аукцион, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, реформа, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ