Исакулов: Маммүлк фонду реформа жүргүзүп, ведомство ишин экиге бөлдү

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мүлк боюнча фонд башка ишмердүүлүк менен алек болот, ал эми аукцион борборунун иши такыр башка өңүттө жүрөт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов аталган ведомстводо реформа жүргүзүлгөндүгүн брифингде айтты.

Салык кызматкери рей учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салыкчылар аймактагы бизнес менен элдеги мүлктүн эсеп-чотун алууга киришти
Анын маалыматына караганда, ишкана экиге бөлүндү. Фонд акционердик уюмдар менен мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү боюнча иш алып барса, аукцион борбору мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү жаатында иштейт.

Исакулов онлайн-аукцион өткөрүүнүн артыкчылыгын, мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке түшкөн каражат арбыгандыгын айтты.

Фонд жетекчиси мисал келтирди. Дарыкананы ижарага берүү айына 3 200 сом турса, аукцион аркылуу иштегенде сумма 19 эсеге көтөрүлүп, 63 миң сом болгондугун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0