Ирандан үч кыргызстандыкты алып келишти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар келип түшөрү менен обсервацияга жаткырылып, бекитилген талаптар менен тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандык үч жаран Ирандан Алмата шаарына учак менен жеткирилип, андан соң автоунаа менен Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Ирандын Kish Airlines компаниясынын лайнери менен келген.

"Алар келип түшөрү менен обсервацияга жаткырылып, тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт", — деп айтылган маалыматта.

Чет мамлекеттеги кыргызстандыктарды алып келүү уланууда. Кечээ, 7-июнда, "Сибирь" авиакомпаниясынын "Новосибирск — Ош" каттамы боюнча учкан 204 кыргызстандык жаран Ошко конгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0