Дааратканада телефон чукуп отура берип, геморрой болгон жаштар көп. Адистин маеги

CC0 / Pixabay/ nemo frenk / Пользование смартфоном в КР
Пользование смартфоном в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Проктологиялык ооруларга дайым отуруп же, тескерисинче, тикесинен тик туруп иштегендер көбүрөөк кабылат. Мындан тышкары, илдеттен оолак болуу үчүн дааратканага туура баруу зарыл.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов менен маек даярдаган. 

© Фото / Сапар ТурдалиевУлуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов
Дааратканада телефон чукуп отура берип, геморрой болгон жаштар көп. Адистин маеги - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов

— Проктологиялык оорулар десе көпчүлүгүбүз геморройду түшүнөбүз. Негизи дагы кайсы оорулар кирет?

— Проктология жаатында геморройдон тышкары курч парапроктит, өнөкөт парапроктит, проктит, ректит, аялдарда төрөт убагындагы чаттын жабыркашы, куймулчактын кистасы өңдүү оорулардын бүт бардыгы бизде каралат.

— Дарт эмнеден улам пайда болот?

— Негизинен аял кишилердин арасында проктологиялык оорулар менен жабыркагандар көп. Боюна бүтүп бала көтөрөт, төрөйт. Тиричилик, турмуш түйшүгү да кошул-ташыл болот. Негизи көп кыймылдоо зарыл. Кээ бир адамдар отуруп иштейт. Мындай учурда маал-маалы менен ар кандай көнүгүүлөрдү жасап же сууда сүзүү өндүү спорттун түрү менен машыгуу абзел. Ал эми айрымдар тикесинен тик туруп иштейт. Алар жалпак, ыңгайлуу бут кийим кийип жүрүшү оң. Ошондой эле дааратканада да туура отуруу керек, башкача айтканда, кандын айлануусуна тоскоолдук болбошу зарыл. Көп отурганда же дааратканада туура эмес отурууда кичине жамбаш чарасында кан туруп калып, кан айлануу системасына да таасир этет. Азыркы жаштарга телефон азгырык болду. Көбү дааратканада телефон чукулап отура берет. Ушунун натыйжасында проктологиялык ооруларга кабылып жатышат.

— Бирок проктологго баргандан уялып жүрө бергендер да болот экен...

Кыргызстандагы биринчи проктолог айым Гүлмира Сарман - Sputnik Кыргызстан
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
— Дарыланууга келгенде биздин менталитет да тоскоолдук жаратып коюуда. Ошол себептен атайын аялдар үчүн проктология бөлүмүнө эки айым адис алганбыз. Экөө тең он жылдан ашык иш тажрыйбасы бар мыкты дарыгерлер. Аларга келген бейтап аялдар "көптөн бери аял проктолог издеп жүргөм" деп да айтышат экен. Геморрой — бул жалпы түшүнүк. Анын отуздан ашык түрү бар. Дарылоого келгенде оорунун стадиясына, абалына, түрүнө жараша дарылайбыз. Бизде көбүнчө бирөө келип врачка көрүнүп, дары жаздырып кетет. Андан жакшы болуп кеткенде ал дарыны геморрой менен жабыркап жүргөн таанышына сунуштайт. Ал да ошол дарыны алып колдонуп көрөт. Бул туура эмес. Анткени биринин оорусу бирине окшош болбойт. Врачка кайрылып анан дарылануу абзел.

— Жогоруда сиз санап кеткендердин ичинен ракка алып келүүчү кооптуусу кайсынысы?

— Жамбаш чарасынын жаракатынан айыккыс дартка көп чалдыгышат. Мындай оору менен дарыланбай көпкө жүрө берүү кооптуу. Мындан тышкары, түз ичегинин полип дартына кабылгандар да ракка тушугушу мүмкүн. Полип — бул белгилүү бир убакытка чейинки залалсыз шишик болот. Ал эми геморрой ракка алып келбейт. Ал эркектик күч-кубатты алсыздандырган простатит менен бирге пайда болушу мүмкүн. Геморрой болгон эркектердин 80-90 пайызы простатит менен жабыркайт.

— Элдик медицинаны пайдалануу деле ошол да?

— Дарынын көбү чөптөн жасалат. Аны туура пайдалануу керек. Мисалы, геморрой бир пайда болуп алгандан кийин кетпейт. Өз алдынча дарыланууда болгону ооруган жердин кычышканын, канаганын кетирүүгө гана болот. Кээ бирлер күчөп кетүүсүн алдын алууга жетишет.

— Азыр жаш балдардын да геморройго кабылган учурлары көп экен?

Протест против загрязнения воды в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик проктолог геморройдун үч себебин атады. Маек
— Бишкекте №3 балдар ооруканасында жаш балдардын проктология бөлүмү бар. Мурда бир жашка чейинки балдарды проктологго алып баруу сейрек жана өөн учурачу. Азыр көбөйүп бара жатат. Баланы горшокко отургузуп коюп, ата-энеси үй-жумуштары менен жүрө беришет. Же колуна телефон карматып кечке отургузуп коюшат. Балдардын геморройго кабылышынын бир себеби ушул. Баланын чоң заарасын убактысы менен көзөмөлдөп туруу зарыл. Өзгөчө ичи катып, ичи өткөн жагдай проктологиялык оорунун коңгуроосу болот.

— Жылына канча операция жасайсыздар?

— Союз убагында биздин бөлүмдө 60 койка болсо, азыр кырк койка бар. Жылына биздин бөлүмдө 1800дөн 1900гө чейин операция жасалат. Союз убагында 1100 же андан ашып баратса 1200гө чейин жасачубуз. Эми бул жерде өлкөдөгү медицинанын абалы да роль ойнойт. Проктология бөлүмү Европадагыдай же Япониядагыдай жабдыктар менен жабдылса, анда жылына үч миңге чейин операция жасоо мүмкүнчүлүгүбүз болмок. Бирок азыр эч кандай жаңы аппаратурасы жок эле топтогон тажрыйбанын негизинде хирургиялык жол менен операция жасап келе жатабыз. Мында бейтап жок дегенде төрт-беш күн жатышы керек. Ал эми замапбап жабдыктар менен операция болсо эртеси эле ооруканадан чыгып кетүүгө болот. Ошентип койка да бош болуп, кийинки бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ачыгын айтканда, мыкты адистер бар, бирок жаңы аппаратура жок. 

© Фото / Сапар ТурдалиевЫзакжан Бектенов: азыр эч кандай жаңы аппаратурасы жок эле топтогон тажрыйбанын негизинде хирургиялык жол менен операция жасап келе жатабыз. Мында бейтап жок дегенде төрт-беш күн жатышы керек. Ал эми замапбап жабдыктар менен операция болсо эртеси эле ооруканадан чыгып кетүүгө болот.
Дааратканада телефон чукуп отура берип, геморрой болгон жаштар көп. Адистин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ызакжан Бектенов: азыр эч кандай жаңы аппаратурасы жок эле топтогон тажрыйбанын негизинде хирургиялык жол менен операция жасап келе жатабыз. Мында бейтап жок дегенде төрт-беш күн жатышы керек. Ал эми замапбап жабдыктар менен операция болсо эртеси эле ооруканадан чыгып кетүүгө болот.

— Проктолог адистигин тандаган студенттер көп болобу?

— Көп эле, бирок аларга жумуш жок. Анткени республика боюнча проктологиялык бөлүм Улуттук госпиталда эле бар. Башка шаардык, облустук, райондук, ооруканаларда проктологго бир да штат каралган эмес. Союз мезгилинде калктын саны төрт миллиондон ашкандан кийин республикада атайын бөлүм ачуу керек деген эреже иштечү. Бизде ошо боюнча калып кеткен. Мындан улам проктология жагын тандаган студенттер башка тармакка кетүүгө аргасыз. Алар алгачкы үч айлык даярдоо курсунан өтөт да, орун чыккан адистик боюнча тармакты тандап кетишет. Бирок клиникалык ординатураны проктология жаатында бүттү деген жазуу документинде калып калат.

— Азыр дагы бир бөлүм ачуу же облустук деңгээлдеги ооруканаларда штат киргизүү зарылчылыгы барбы?

Профессор, медицина илимдеринин доктору, клиниканын директору Гүлнара Асымбекова - Sputnik Кыргызстан
Балалуу болууга шартың жок болсо, уругуңду тоңдуруп кой. Дарыгер менен маек
— 1980-жылга чейин проктологиялык операцияларды жалпы профилдеги хирургдар жасап жүрүшкөн. Буга атайын профилдеги адистер даярдалган эмес. Ошол себептен ал кезде операция болгон бейтаптын кайрадан ооруканага түшүп калган учурлары көп болгон. Кыргызда "чымчыкты сойсо да касапчы сойсун" деген жакшы сөз бар. Эгер кырдаал түзүлүп калса, мен деле илгерки агайлардан алган тажрыйбама таянып, өттү алып же сокур ичегиге операция жасап коё алам. Бирок баары бир адистей жасай албайм да. Ошол себептен азыр бөлүм ачуунун деле кереги жок. Болгону облустук ооруканалардын хирургия бөлүмдөрүнө бирден проктологго штат ачып коюшса жакшы болмок. Ал эми проктология бөлүмүн заманбап аппаратура менен камсыздап беришсе болду, баарына жетише алабыз. Бизде атайын нөөмөттөгү дарыгерлер бейтаптарды күнү-түнү кабыл алып, иш алып барабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0