Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / YURI KADOBNOVКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгырдын катуу жаашы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 9-июнь, шейшемби күнү, өлкө аймагы боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетери айтылды.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +20…+25, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +23…+28 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +15…+20 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы ордо калаада +23…+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +26…+28 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0