Эл арасында COVID-19ду кайдан жуктуруп алганын билбей калгандар көп болууда

Жазылуу
Өткөн суткада коронавирус жуктурган 25 учур катталды. COVID-19 менен ооругандардын арасында базарда, банкта жана башка объектилерде иштегендер бар.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19ду кайдан жуктуруп алганын билбей калган учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

"Ооруну каяктан жуктуруп алгандыгын билбей калгандар да көп болууда. Акыркы учурда чыккан 10 кишинин абалы ушундай болду. COVID-19 менен ооругандардын арасында базарда, банкта жана башка объектилерде иштегендер бар. Көбү сактануу эрежелерин карманбай жатат. Бул абалдын татаалдашып, оорунун жугушуна алып келүүдө. Эпидемиологиялык иликтөөлөр уланганы менен чыңалуу жанбай, ошол бойдон турат", — деди Үсөнбаев.

Ал кыргызстандыктарды өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна жоопкерчилик менен кароого чакырды.

8-июндагы статистикага карата, Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын жалпы саны 2032ге жетти. Анын ичинен 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми 23 адам каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0