Бир суткада 6 медицина кызматкеринен COVID табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында жалпы 395 учур катталып, алардын ичинен 275и стационарлардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде алты медицина кызматкеринен COVID табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, Нарын облусунда үчөө, Ош шаарынан бирөө, Ош облусунан бирөө, Бишкектен бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

"Бир сутка ичинде эки медик коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыкты", — деди Үсөнбаев.

COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасынан жалпы 395 учур катталып, алардын ичинен 275и  стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2007 болуп, анын 1425и айыкты. Тилекке каршы, илдет илештирип алган 22 бейтап көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0