Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады

© Sputnik / Эркин СадыковБольница кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке
Больница кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги үч ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптарга орун даярдоону пландап жаткан. Алар №6 шаардык клиникалык ооруканасы, Фтизиатрия улуттук борбору жана сөз болуп жаткан Кыргыз-түрк ооруканасы.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы кечээтен баштап коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Оорукана 72 орунга ылайыкталган. Жалпысынан 35 медик иштеп жатат. 12 интенсивдик терапия палатасы бар", — деди Үсөнбаев.

Эске салсак, Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы убактылуу жабылган. Азыр анда бардык кызматкерлерден анализ алынып, медициналык жайды дезинфекциялап жатышат.

Госпиталь COVID-19 в Черкесске - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: 11 кишинин абалы оор, экөө реанимацияда
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги үч ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптарга орун даярдоону пландап жаткан. Алар №6 шаардык клиникалык ооруканасы, Фтизиатрия улуттук борбору жана сөз болуп жаткан Кыргыз-түрк ооруканасы.

Мындан бир апта мурда оорукананын жанында жашагандардын ичинен 60ка чукул киши аталган жайда коронавируска кабылгандардын дарылануусуна нааразылыгын билдирип чыккан. Алар жарандардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок, райондо калк жыш жайгашкандыктан вирус тез жайылып кетиши мүмкүн деген кооптонуусун билдирген эле. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү эл менен сүйлөшүп, эрежелер катуу сакталарын түшүндүрүп, алар тарап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0