Үсөнбаев: болбой эле эрежени бузуп жатышат. 17 мекеменин иши органдарга өттү

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19 Замминистра здравоохранения Нурболот Усенбаев
 Замминистра здравоохранения Нурболот Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча 17 мекемеде оорунун жугуу ыктымалдыгы абдан эле коптуу кырдаал түзүлгөндүктөн, аларга катуу чара көрүүгө мажбур болушкан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанда санитардык нормаларды сактабаган ишкерлерге 1 миллион 855 миң айып пул салынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 11 016 ишкерлик объектинин санитардык нормаларды аткаруусу текшерилген. Натыйжада 5546 оозеки эскертүү, 1271 жазуу түрүндөгү эскертүү берилген. Ал эми 1250 объектиге 1 миллион 855 миң сом айып салынган. 17 мекемеге катуу чара көрүү үчүн документтери укук коргоо органдарына өткөрүп берилген.

"Бүгүнкү күндө биз дал ушундай катуу көзөмөл жүргүзүүгө мажбурбуз. Себеби калк арасында коронавирустун жайылып кетишине жол берилбеши керек. Андыктан Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган эрежелерди, санитардык нормаларды так сактоого чакырам", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1974кө жетти. Анын ичинен 1360 адам айыгып, тилекке каршы, 22 бейтап каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0