Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр жаап жаткан учурда кишилер. Архив
Жамгыр жаап жаткан учурда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө жаан-чачын катуу жаайт.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 6-июнь, ишемби күнү, республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Дем алышта күн кандай болот? Кыргызгидрометтин билдирүүсү
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Таласта +21…+26, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +29…+34 жана Ысык-Көл менен Нарында +18…+23 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы баш калаада +24…+26 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +30…+32 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0