Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан өлкөдө 378 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталса, алардын ичинен 272си сакайган. Айрымдары жумушка чыгып иштеп жатат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө алты медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медиктер арасында жаңы жуктуруп алгандардын экөө Бишкекте, үчөө Нарында, бирөө Ош шаарында.

"Бир суткада эки медик коронавирустан айыгып чыкты. Жалпысынан өлкөдө 378 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталса, алардын ичинен 272си сакайган. Айрымдары жумушка чыгып иштеп жатат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0