Жаш балдар, улгайгандар мечитке келбей тургула! Муфтияттын кайрылуусу

© AFP / Irfan LicinaПразднование Орозо айт (Ураза-байрам) в Сербии
Празднование Орозо айт (Ураза-байрам) в Сербии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мечитке жана намазканаларга барган жарандарга бир катар эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Билдирүүдө аталган жайларга келген элдин санитардык эрежелерди сактоосу шарт экени айтылды.

  • бет кап тагынып, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек;
  • мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сакталышы шарт. Кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат, даарат алуучу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо абзел;
  • жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

Республикада бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштери имамдарга жүктөлдү.

Намаз окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кийинки жумадан тарта мечит, намазканалар иштей баштайт
Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн сунуштарда дааратты үйдөн алуу менен сүннөт намаздарды үйдөн окуп, мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керектиги айтылат.

Муну менен катар жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүлүп, ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүүсү сунушталат.

Буга чейин мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 8-июнунан баштап мечиттер, намазканалар, чиркөөлөр санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке кирери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0