Карылар жана балдар үйүн коомдук көзөмөлгө алуу мыйзам долбоору сунушталууда

© AFP / SEBASTIEN BOZONУлгайган аял карылар үйүндө. Архив
Улгайган аял карылар үйүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечилер социалдык стационардык мекемелерде иш жүзүндө кандай тамак-аш берилип жатканын эч ким билбей турганын айтышат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Махабат Мавлянова башында турган Жогорку Кеңештин алты депутаты карылар жана балдар үйүндөгү шарттарды коомдук көзөмөлгө алуу тартибин мыйзамдаштырууну демилгеледи.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде социалдык стационардык мекемелерде бюджеттен бөлүнгөн каражатка тамак-аш тийиштүү деңгээлде берилбей турганы айтылат.

"Улгайгандар, жетим жана ата-энеси таштап кеткен балдар нормада белгиленген тамак толугу менен берилбейт, айрым мекемелердин кампалары дээрлик бош турат. Ал эми тамак-аш менюсу формалдуу түрдө жазылып коюлган. Бюджеттик каражат кантип чыгымдалып, иш жүзүндө кандай тамак-аш берилип жатканын эч ким билбейт жана көзөмөлгө алынбайт. Ушуга байланыштуу Көзөмөл кеңештин иштеп туруусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Коноктор майрам учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентте мааракелик той-аштарды чектөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды
Талкуу маалында депутат Тариел Жоробеков Көзөмөл кеңешинин курамына кимдер кирерин жана аларга айлык маяна кантип төлөнөрүнө кызыкты. Өз кезегинде Мавлянова балдар же карылар үйүнө колдоо көрсөткөн уюмдардын өкүлдөрү, меценаттар жана кайдыгер эмес жарандар кирерин, алар коомдук башталышта иш алып барарын айтты.

Мындан сырткары, депутат 2014-жылы кабыл алынган "Көзөмөл кеңеши жөнүндөгү" мыйзам иштебей жатканын белгиледи. Андыктан алардын ыйгарым укуктарын кеңейтип, милдеттүү түрдө иштөөсүн камсыздоо сунушталып жатканын билдирди.

Аталган мыйзам долбоору бүгүн экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0