Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүИзилдөө институттун лабораториясынын кызматкери. Архив
Изилдөө институттун лабораториясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, бул вируска каршы бир эле вакцина чыгарылбасы анык. Ар кайсы топтогу адамдарга ар кандай вакцина жана дары иштелип чыгат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина менен аталган инфекцияны жугузуп алгандардын баарын дарылоого мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова билдирди.

"Бул вируска каршы бир эле түрдөгү вакцина чыгарылбасы анык. Ар кайсы топтогу адамдарга ар кандай вакцина жана дары иштелип чыгат", — деди Попова.

Анын айтымында, азырынча вакцинанын чыга турган мөөнөтүн атоо эртерээк.

Буга чейин Россиядагы коронавирус менен күрөшүү боюнча маалымат борборунун расмий өкүлү, доктор Александр Мясников COVID-19ду дарылап, чындап жыйынтык берчү вакцина жакынкы жылдары чыкпай турганын айткан эле.

Коронавирус тууралуу

Лаборатория по производству реагентов для экспресс-тестов на коронавирус в Сколково - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 4-июнга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 6 530 067ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0