Жогорку сот ажатканада зордукталган кыздын иши боюнча Мамашовага жооп берди

© Sputnik / Андрей Старостин / Медиабанкка өтүүСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Бишкектеги соода борбордун ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген баланы сот актап жибергенин айткан.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашованын өспүрүм кызды зордуктоого шектелген уланды сот эркиндикке чыгарып жиберди деген билдирүүсү боюнча Жогорку сот комментарий берди.

Маалыматта аталган кылмыш иши боюнча айып тагылган 22 жаштагы Б.Ш. аттуу жарандын баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылганы айтылат.

"Тергөө бүткөндөн кийин материалдар сотко өткөрүп берилген. Биринчи май райондук соту аталган иште кылмыштын курамы жок экенин аныктап, шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Учурда Бишкек шаардык прокуратуранын кассациялык сунушу менен аталган иш Жогорку соттун өндүрүшүнө алынып, кароо стадиясында турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктады делген адамга сот чечим чыгарды
Бүгүн парламенттин жыйынында Мамашова Бишкектеги соода борборлорунун биринин ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 22 жаштагы жигитти сот актап жибергенине нааразычылыгын билдирген. Аны менен катар эле жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендиргенин айткан.

Эл өкүлүнүн айтымында, окуя 2016-жылы болгон, сот иштери ошондон бери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0