Тышкы каттамдар 15-июндан тарта аткарылбайт. Штаб тактоо киргизди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Такталган маалымат боюнча, 15-июндан тарта аэропортторду эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдоо пландалып жаткан экен. Ал эми каттамдардын өзү боюнча өкмөттүн өзүнчө чечими чыгарылары айтылды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Буга чейин эл аралык аба каттамдарын 15-июндан баштап жаңылоо пландалып жатат деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, бүгүн брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев эл аралык авиакаттамдарды 15-июндан тарта жандантуу пландалып жатканын, учурда эки чет элдик компания учууга макулдугун бергенин айткан эле.

"Жарандык авиация агенттигинин директорунун эл аралык авиакаттамдардын жанданышы тууралуу билдирүүсүндө так эместиктер болду", — дешти штабдан.

Такталган маалымат боюнча, аэропортторду 15-июндан тарта эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдоо пландалып жаткан экен. Ал эми каттамдардын өзү боюнча өкмөттүн өзүнчө чечими чыгарылары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0