Жээнбеков: ар кыл маалыматтарды тараткандар бар, элге түшүндүргүлө

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКишилер коопсуз бет капчан Бишкек шаарында. Архив
Кишилер коопсуз бет капчан Бишкек шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы коронавирус боюнча өзгөчө абал алынганы менен санитардык талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин эскерткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ар кандай маалымат тараткандар болгондуктан, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, эл менен иштөө зарыл. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын эскертип жатып айткандыгын анын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Боронов: аймакка каттаган ар бир жүргүнчүнүн телефон номерин жазып калгыла
Эске салсак, бүгүн Жээнбеков аймактардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен онлайн-жыйын өткөрдү. Анда өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланган.

Мамлекет башчы "өзгөчө абал алынды" деп, бошоңдоп калбоону эскерткен, санитардык талаптарды жеңилдетүүгө эрте экендигин баса белгилеген.

"Кыймыл-аракетке, ишкердикке болгон катуу чектөөлөр алынганы менен, санитардык талаптарга байланыштуу чектөөлөр али күчүндө. Ар кандай маалымат тараткандар бар. Эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Силерден жергиликтүү эл менен тыгыз иштөө талап кылынат", — деген президент.

Жээнбеков бир маселени эскертип, милдет жүктөгөн. Ал сырттан кайтып келген жана колдоого муктаж мекендештердин маселесине токтолгон.

"Обсервацияларга жайгаштыруу, карантиндин шарттарын сактоону уюштуруу, аларды иш менен камсыздоо жана колдоо багытында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Аларга туруктуу жумуш орундарын түзүү — жергиликтүү бийликтин милдети. Ошондуктан ар бир жетекчи облустун аймагындагы ири өндүрүш ишканаларынын туруктуу иштөөсүн жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүсүн көзөмөлгө алышы абзел", — деген Жээнбеков.

Ушул эле жыйында президент коронавирус аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын, андыктан жергиликтүү жетекчилерге санариптештирүү боюнча дагы катуу талаптар коюларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0