Мэрия: Бишкек азыр кооптуу, коронавирус жуктуруп алуудан абайлагыла

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в Бишкеке из-за вспышки коронавируса
Ситуация в Бишкеке из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин орун басары шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, бет кап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу брифинг учурунда калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

"4-июнга карата Бишкекте коронавирус жуктурган адамдардын саны 499га жетти. Алардын 77си четтен келген жана 422си ооругандар менен байланышта болгон жарандар экени аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат", — деди Кузнецова.

Бүгүнкү күндө вирустан дарыланып чыккандардын саны 300 адамга жетти.

Мэрдин орун басары вирус жуктуруу коркунучу жогору бойдон турганын айтып, шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, бет кап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0